19:40
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Сооронбай Жээнбеков балдарды алдыга чоң максат коюуга чакырды

Бишкекте президенттик балаты өттү. Ага өлкөнүн булуң бурчунан миңден ашык балдар катышты.

Президенттик балатыга мыкты окуучулар, олимпиада жана ар кандай сынактардын жеңүүчүлөрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ата-энелери менен бирге катышты.

Сооронбай Жээнбеков балдарды келе жаткан Жаңы-жылы менен куттуктап, аларды алдыга чоң максат коюуга чакырды.

«Азыр эле силер менен чогуу жаңы жылдык жомокту көрүп, абдан ыраазы болдум. Атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган уламышты көрдүк. Мага абдан жакты.
Билесиңер, быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгиледик. Бир гана Кыргызстан эмес, бүткүл дүйнө белгиледи. Силер да улуу ойчул, даанышман, акылман Чыңгыз атаңардай болуп, өз элиңердин атагын ааламга жеткирген инсан болуп өскүлө», — деп балдарга кайрылды.

Эң көп окулган жаңылыктар