USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Президенттик балаты. Өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 окуучу чакырылган

17:31, 25 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков эртең Бишкек шаарында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жыл сайын өтүүчү салттуу Жаңы жылдык балатыга катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, президенттин атынан өткөрүлгөн Жаңы жылдык балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан мектеп курагындагы 1100 окуучу чакырылган.

Алардын арасында — окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика