05:29
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кызмат адамдарына карата жемкорлукка багытталган 754 кылмыш иши козголгон

2018-жылы прокуратура органдары тарабынан кызмат адамдарына карата жемкорлукка багытталган 754 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу маалымат жыйында Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдарды аткарууну көзөмолдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Залкарбек Акназаров билдирди.

«Козголгон кылмыш иштеринин басымдуу бөлүгү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлерине карата болгон. Кийинки орунда каттоо кызматы, билим берүү системасы турат. Мындан тышкары ички иштер органдарынын кызматкерлерине, бажы кызматкерлерине жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголгон», -деди ал.

Прокуратура органдары бул жылы мамлекеттик казынага келтирилген чыгымды ордуна келтирүү максатында 680 миллион сом которду.

Эң көп окулган жаңылыктар