Орусияда Рязанская облусунда жол кырсыгынан кыргызстандык 38 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кырсык 22-декабрда орун алган. Жолдо 2 фура сүзүшкөн.
«Жүк ташуучу унаанын бирин кыргызстандык жаран башкарып бара жаткан. Алган жаракатынан улам ал көз жумду. Экинчи унаанын айдоочусу жаракат алып, ооруканага жаткырылды», -деп жазылат маалыматта.