Бүгүн борбор калаанын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан маалымдашты.
Оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы төмөнкү даректерде өчүрүлөт:
Саат 9:30дан 18:00гө чейин Рухий-Мурас конушунда;
Саат 9:30дан 18:00гө чейин Абдрахманов, Кожомкулов, Гастелло, Чехов, Васильев, Түлөбердиев, Тоголок Молдо, Лев Толстой, Панфилов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
Саат 9:30дан 17:00гө чейин Дордой конушунда;
Саат 9:30дан 17:00гө чейин Табышалиев, 40, Токтогул, 200 үйүндө;
Саат 9:30дан 14:00гө чейин Төкөлдөш конушунда электр жарыгы өчүрүлөт.