Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 5 миң 485 квота бөлүп берди. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, 2018-жылдагы ажылыкты талкуулады.
2019-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшту.