05:38
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Шаардык мэрия 844 миллион сомду өздөшүрө алган жок

Шаардык мэрия 844 миллион сомду өздөшүрө алган жок. Бул тууралуу турак-жай коммуналдык чарбасы боюнча БШКнын ар дайымкы комиссиясынын отурумунда депутат Жумабек Салымбеков айтып чыкты.

«Биз мэрияда жетекчилик алмашканын түшүнөбүз. Бирок, биз сиздерге даяр акчаны берип жатсак да өздөштүрө албай жатасыздар. Жетекчилердин жоопкерчилигин карап чыгуу керек. Албетте, жаңы жетекчиден сурай албайсың, бирок буга чейин иштеп мындай абалга алып келгендерди жоопкерчиликке тартуу керек», -деди депутат.

Жумабек Салымбеков билдиргендей, муниципалитет эң начар менеджер.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума