Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаарынын мэринин чечимин сындады. Бул тууралуу мамлекет башчы маалымат жыйында айтты.
Ал аткаминерлерди демократиялык принциптерди сактоого чакырды.
«Жалал-Абаддын мэри туура эмес чечим кабыл алыптыр. Биз ачык коомбуз. Маалымат ачык болушу керек», -деди өлкө башчы.
Эске салсак, Жалал-Абаддын мэри Мураталы Тагаев баардык шаардык кызматтарга анын буйругу жок журналисттерге маалымат берүүгө тыюу салган.