17:57
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбеков өз үй-бүлөсүн журналисттерге тааныштырды

Сооронбай Жээнбеков өз үй-бүлөсүн журналисттерге тааныштырды. Президент үй-бүлөсү тууралуу маалымат жыйында айтып берди. Анын билдирүүсүндө, акыркы убактарда коомчулукта үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу көп айтышууда.

«Мен көз карандысыз Кыргызстандын тарыхын жакшы билем. 1995-жылдан бери депутат болдум. Эч качан үй-бүлөлүк башкаруу болбойт. Эгер кааласаңар бир туугандарымды тааныштырайын. Менин оппоненттерим муну пайдаланышууда. Биз 8 бир тууган калдык, улуусу илимдин доктору. Эжем математик, физик. Дагы бир эжем медицина кызматкери. Ал Бишкектеги бейтапканада эмгектенет. Анын дарегин айтпайм, анткени издеп баштайсыңар. Жусупбек чет жерде элчи болуп иштеп жатат. Дагы бир эркек бир тууганым 35 жашында каза болуп калды. Дагы бир кыз бир тууганым бар, анын жолдошу дипломат. Дагы бир кыз бир тууганым ишкерлик менен алектенет. Кичүү иним айылда жашайт», -деди президент.

Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков кудалары тууралуу айтты. «Биз болгону балдар тууралуу кеп кылабыз. Журналисттер менин кудамды Мегакомго башчы кылып дайындады деп ызы-чуу салып жиберишти. Мен бул тууралуу билген да эмесмин. Ал дароо кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Мен буга жол бербейт болчумун, сиздер дагы жол бербейт элеңер», -деди өлкө башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар