15:16
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбековдун Өмүрбек Бабановдун ишине кийлигишүүгө ниети жок

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өмүрбек Бабановдун ишине кийлигишүүгө ниети жок. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, Өмүрбек Бабанов менен эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес.

«Аны менен шайлоо алдында дебатка катышканбыз. Андан кийин жолугушкан жокпуз. Ал мурунку президент менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн билбейм», -деди президент.

Сооронбай Жээнбеков кошумчалагандай, шайлоо маалында эч ким менен эч кандай сүйлөшүү болгон эмес.

«Мени саткын деп жатышат. Бирок, мен Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын сатпайм. Бизде 2 ынкылап болду. Алардын себептерин дагы билемин. Муну билип туруп бул жол менен кетпеймин. Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишти туура эмес козгошту деп жатышат. Президент ишти ачып же жаба албайт. Мыйзам иштеши керек», -деди мамлекет башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар