11:19
USD 87.45
EUR 90.24
RUB 0.90

Сооронбай Жээнбеков Алексей Василивецкий менен эмне байланыштырып турганын айтты

Сооронбай Жээнбеков бүгүн маалымат жыйында 2010-жылдан бери КСДПда иштеген Орусиялык Алексей Василивецкий менен эмне байланыштырып турганын айтып берди.

Президенттен мамлекет башчысы ролунда өзүнө кандай баа бере турганын сурашты. Мындан тышкары президенттик шайлоо маалында КСДПнын кара кассасына тиешелүү суроолор да берилди.

Сооронбай Жээнбековдун айтымында, 2018-жыл жаман болгон жок.

«Менин программам бар болчу, аны аткаруу үстүндө иштедик. Мен коңшулар менен жакшы мамиледе болуу керек деп айткам. Иш сапардын алкагында көп маселелер чечилди. Экономика өсүп жатат, аймактар өнүгүүдө. Биз бул багыттагы иштерди улантабыз», -деди президент.

«Мен Ош облусунда губернатор болуп турганда, интервью бериш керек болуп Алексей Василивецкий менен жолуккам. Мен анын башка өлкөнүн жараны экенин билген эмесмин. Ал Фарид Ниязовдун кеңешчиси болчу. Ал тууралуу жакшы адис деген гана кептерди уккам. Менин кеңешчилерим аны менен иштешүудөн баш тартышты. Мен жаштайымдан эле фермерлер менен иштешкем. Эгерде ал 170 миң доллар алган болсо, анда келип жооп берсин. Түшүндүрмо жазсын. Фарид Ниязов дагы шайлоо штабынын башчысы катары жооп бериши керек», -деди мамлекет башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар