05:22
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйын өткөрөт

Президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча бүгүн маалымат жыйын өткөрөт. Анда мамлекет башчы быйылкы аткарылган иштер тууралуу айтып, андан соң журналисттердин суроолоруна жооп бермекчи.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбековдун бийликке келгенине бир жылдан ашык убакыт өттү. Ал 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо алдыга чыгып, ошол эле жылы 24-ноябрда ант берип, расмий түрдө кызматка киришкен.

Жыйын «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.