20:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Душанбенин борборунда 18 метрлик курант саат пайда болот

Душанбенин борборунда жайгашкан Дусти аянтында 18 метрлик курант сааттын курулушу башталды. Бул тууралуу калаа башчынын биринчи орун басары Мухаммадсаид Зубайдзода билдирди.

Анын айтымында, курант саат 1949-жылы Тажик СССРинин 20 жылдыгына карата орнотулган чоң тактанын ордуна курулат. Тажик интеллигенциясы, колхозчулары, жумушчулары жана аскер кызматкерлери, ошондой эле Тажик СССРинин герби түшүрүлгөн ал такта 2015-жылы декабрда бузулган. Анда мэрия бул аракетин совет доорундагы эстеликтин Душанбенин башкы планы менен дал келбестиги менен түшүндүргөн.

2013-жылы тажик борборунун жаңы башкы планы жактырылган. Анда совет мезгилинде тургузулган шаардын борборундагы ондогон имарат бузулушу керектиги көрсөтүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума