20:03
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Парламент депутаты төрт мектептин директорун Египетке эс алууга жөнөттү

Жогорку Кеңештин депутаты Автандил Кулбараков төрт мектептин директорун Египетке эс алууга жөнөттү. Бул тууралуу ал өзү Facebook баракчасында маалымдады.

Маалыматка караганда, депутат Нарын облусунун Жумгал районундагы төрт мектептин директорун, бир айыл өкмөтүн жана айылдык кеңештин төрагасын Египетке он күнгө эс алууга жөнөткөн.

«Дубайга эс алууга барышмак. Бирок, эки директордун паспорту убагында бүтпөй, виза алууга кечигип калдык. Эми алар Египетке он күн эс алышат», — дейт депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар