03:05
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

4 күн катары менен Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы берилбейт

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын Коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы 17-декабрдан 21ине чейин төмөнкү аймактарда берилбейт:

  • «Красный строитель», «Керамический», «Кайыңды» жаңы конуштарында;
  • Төмөнкү Ала-Арча айылы (Андижан, Логвиненко, Биринчи Май, Зеленая, Колхоз, Кыргыз, Белинский, Коллективная көчөлөрү; Аул, Новосельская, МЧК);
  • Аламедин айылы (Гидростроительная, Алма-Ата, Набережная, Иваницын, 60; Кожожаш, Гоголь, Школьная, Панфилов көчөлөрү);
  • «Шин-Лайн» ЖЧКсы, ат спорту мектеби, «Красный строитель».
Эң көп окулган жаңылыктар