13:00
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

АКШ-Кыргызстан алакасы. Америка жаңы келишимге кол коюга үмүттөнөт

Америка тарап Кыргызстан менен АКШ ортосундагы байланыш тууралуу келишимге кол коюла тургандыгына үмүтү чоң экендигин билдирди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен экономика министри Олег Панкратовдун жолугушуусунда маалым болду.

Жолугушууга ЮСАИДдин Кыргызстандагы директору Гэри Линден жана АКШнын улуттук коопсуздук кеңешинин Борбордук Азия иштери боюнча директору Эрик Руденшольд катышты.

Анда эки тараптуу байланыштын өнүгүү перспективалары талкууланды. Катышуучулар экономика тармагындагы жогорку жетишкендиктерди баса белгилеп, эки өлкө ортосундагы соода жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү үчүн чара кабыл алуу ниеттерин айтышты.

Америка тарап жаңы келишимге кол коюу менен эки тараптын соода-экономикалык тармагына оң таасир берет деген ишеничте.

«Эки тарап 2019-жылдын сентябрында өтө турган бизнес-форум тууралуу талкуулашты», -деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2015-жылы АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу тууралуу 1993-жылы түзүлгөн келишимди Кыргызстан бир тараптуу жокко чыгарган. Ага Вашинтонгдун Ош коогалаңына байланыштуу өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго сыйлык ыйгарышы себеп болгон. 

Эң көп окулган жаңылыктар