21:57
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мамлекеттик органдарды маалыматташтырууга 50 миллион доллардай каражат кетти

Санариптик кызматтарды көрсөтүү ишине мамлекеттик органдардын кызыгуусу төмөн. Бул тууралуу өлкөнүн санариптик келечеги боюнча коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

«Алар өздөрү түзгөн маалыматтардын базасы башкаларга мыйзам чегинде жеткиликтүү болушуна каршылык көрсөтүп жатышат. Акыркы жети жылдын ичинде мамлекеттик органдарды маалыматташтырууга 50 миллион доллардан ашык каражат жумшалган. Дээрлик 3,5 миллиард сом. Ага карабастан жарандар жана ишкерлер сапаттуу санариптик кызматтарды ала албай келет», -деди президент.

Мамлекеттик органдар эскирген жабдууларды жана эски системаларды сатып алууга каражаттарын коротуп жатат. Булардын баары моралдык жактан эскирип, мезгилдин талаптарына жооп бербейт.

«Ушул фактылардын баары — өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекет жасап жаткан чараларга терс таасирин тийгизүүдө. Мунун айынан маалыматтык технологияларды киргизүүдөгү натыйжа жокко эсе болуп жатат. Жогоруда белгиленген көйгөйлөрдү тез арада жоюу талап кылынат. Ал үчүн мамлекеттик башкаруу системасына заманбап мамилелерди киргизүү зарыл, — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар