03:28
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кыргызстанда санариптик трансформациялоонун концепциясы иштелип чыкты

Кыргызстанда 2019-2023-жылдар үчүн санариптик трансформациялоонун концепциясы иштелип чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн санариптик келечеги боюнча коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Мамлекет башчы билдиргендей, Кыргызстан санарипке өтүү темпин ылдамдатат.

«Көптөгөн өлкөлөр санариптик өнүгүүгө өтүү үчүн ондогон жылдар коротушту. Биздин буга убактыбыз жок. Азыр экинчи этапта турабыз, кыска мөөнөттө 4-этапка өтүшүбүз керек. Биздин башкы максат- санариптик өнүгүү менен жемкорлуксуз ачык коомду камсыздоо», -деди президент.

Эң көп окулган жаңылыктар