Токмок шаарында кудуктун ичинен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-декабрда саат 14:46да ӨКМдин № 21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Жантай көчөсүндө жайгашкан кудуктун ичинен эркек кишинин жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Каза болгон жарандын өздүгү такталууда.