03:23
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

«Манас» аба майданы штаттык тартипте иш алып барууда

«Манас» эл аралык аба майданы штаттык тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин калың тумандан улам каттамдар кармалып, токтотулганы айтылган.

Маалыматка караганда, кечээ кечки саат ондордон тарта аба ырайы жакшыргандыктан, Ош шаарынын аба майданына кондурулган Казань — Бишкек жана Москва — Бишкек каттамдары Бишкекке келди.

Кечигүү менен Ош — Бишкек каттамы да аткарылды. Учурда «Манас» аба майданы ишин улантууда.

Эске салсак, кечээ калың туман каптап, 4 учак Оштун жана Алматынын кошумча аба майдандарына кондурулган болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар