12:14
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Токтогул районунда маданият үйү толугу менен күйүп кетти

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Торкен айылында аянты 450 чарчы метр маданият үйү толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыкта жабыркагандар жок. Учурда материалдык чыгымдын көлөмү жана өрттүн себеби такталып жатат.

ӨКМнын билдирүүсүнө таянсак, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 14 бөлүм жөнөтүлгөн.



Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума