01:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Түркмөнстанда прокуратура кызматкерлерине кымбат унаа айдоого тыюу салынды

Түркмөнстандын Дашогуз облусунда прокуратура кызматкерлерине кымбат унааларды колдонууга оозеки түрдө тыюу салынды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирди.

Редакциянын атын жарыялагысы келбеген булагы көрсөтмө 3-4 ай мурун түшкөнүн айтты.

«Мындан кийин прокуратура кызматкерлери кымбат баалуу унааларын сатышты. Айрымдары машинелерин туугандарына кайра каттатты. Ошентсе дагы алар кымбат унааларды айдап жүргөндөн кооптонушууда», — дейт ал.

Анын айтымында, прокуратура кызматкерлери «Toyota Pathfinder» же «Toyota Highlander» жол тандабастарын колдонушат. Дээрлик баары жаңы унааларды айдашат.

Түркмөнстанда бир нече жылдар бою мамлекеттик кызматкерлердин жана чиновниктердин жеке автотранспорт колдонушуна тыюу салынган же чектөө киргизилген. 2017-жылы ички иштер органдарынын кызматкерлерине жалаң ак түстөгү унаа айдоого буйрук берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар