03:04
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Түркмөнстан саяпкерлерди даярдоочу университет ачат

Түркмөнстанда жылкы өстүрүү тармагына адистерди даярдоочу жогорку окуу жай ачылат. Бул тууралуу өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов 3-декабрда өкмөт мүчөлөрү жана аймактардын жетекчилери менен жолуккан маалда билдирди.

Өлкөнүн расмий басылмаларынын маалыматына караганда, окуу жай менен катар эле Ахал облусуна илимий-өндүрүштүк борбор дагы курулат.

Мамлекеттик ТДХ агенттигинин билдиришинче, өлкө башчы «селекциялык-генетикалык иштерди жакшыртуу» тапшырмасын берип, мамлекет мындан ары дагы ата мекендик жылкы өстүрүү тармагы менен ат спортун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүсүн уланта турганын белгиледи.

Ахалтекин аргымактары Түркмөнстандын улуттук дөөлөтү болуп эсептелип, жылкы өстүрүү тармагын мамлекет башчы жеке өзү көзөмөлдөйт. Былтыр мартта түркмөн бийлиги ахалтекин тукумундагы таза кандуу аргымактардын каталогун түзүп, бул тукумдагы жылкыларда ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү ниетин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар