12:45
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өзбекстанда арзан ун сатып алуу үчүн кезекте тургандар мушташууда

Өзбекстандын айрым аймактарында арзан ун сатып алуу үчүн кезекте турган адамдардын ортосунда мушташтар болууда. Күбөлөр мындай учурлар тартылган сүрөттөр менен видеолорду социалдык түйүндөргө жайгаштырышууда.

Быйыл октябрдан тарта Өзбекстанда ун социалдык баада сатыла баштаган.

14-сентябрда өкмөт «Калкты атаандаштыктын жана базар механизмдеринин негизинде буудай, ун жана нан менен ишенимдүү камсыздоо чаралары тууралуу» токтом кабыл алган. Ага ылайык, 15-сентябрдан тарта биринчи сорттогу 1 килограмм буудай унунун дүң баасы 1400 сум (0,16 доллар) деп белгиленген. Учурда социалдык ундун бир кабы 87500 сумдан ($10,5) сатылууда. Анын базардагы баасы 105-110 миң сумду ($12,6-13) түзөт.

Өзбекстанда сентябрдын ортосунан бери бөлкө наны дээрлик эки эсеге — 650 сумдан 1200 сумга чейин ($0,07 — $0,14) кымбаттаган. Буга байланыштуу жарандардын көбү ун сатып алып нан жапканга өткөн.

Азырынча социалдык баадагы унду сатып алууда эч кандай чектөөлөр жок. Бирок өкмөт кийинчерээк чектөөлөрдү жана унга эркин баа киргизүүнү пландап жатканы айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар