Ош облусуна караштуу Ноокат районунда мал уурулук менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 4-5-6-ноябрь күндөрү жергиликтүү тургундар бодо малдарын уурдап жаткан белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө мал уурулукка шектелип, Ноокат районунун 30 жаштагы тургундары кармалды.