14:31
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Нарында көмүр казган ишкананын аймагында жер көчтү

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Ыраакы Миң-Куш тилкесиндеги «Жумгал Суу Курулуш» көмүр казган ишканасынын аймагында жер көчтү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 35000 м3 болгон.

Кырсыктын кесепетинен Ыраакы Миң-Куш тилкесине баруучу таза суу түтүгү жана «Жумгал Суу Курулуш» көмүр казган ишканасынын 2 даана электр зым карагайы жабыркаган.

Эң көп окулган жаңылыктар