11:04
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Өлкөдө иштеп жүрүп мектепке барбай калган 2 500 окуучу бар

Кыргызстандын аймагында 2 жарым миң бала эмгектенип жүрүп, мектепке барбай калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова депутат Аида Касымалиеванын берген суроосуна жооп берип жатканда маалым болду.

Депутат өкмөт өкүлдөрүнөн мектепке барбай калган балдар тууралуу сурады.

«Ар бир баланын мектепке баруусуна кам көрүп жатабыз. Кээ бир балдар ден соолугуна байланыштуу мектепке бара албайт жатат», — деди Алтынай Өмүрбекова.

Депутат жөлөк пул тууралуу оюн ортого салды. «Биз жөлөк пул берүүгө бюджеттен акча бөлүп бергенбиз. Бюджетте акча бар. Эмнеге кыскартышыбыз керек? Балага жөлөк, ар бир үй-бүлөгө көмөк», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү