13:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Баткен облусунун 6 прокурору ээлеген кызматтарынан бошотулду

Баткен облусунун 6 прокурору ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Замир Бейшекеев маалымат жыйынында журналисттерге билдирди.

Билдирүүгө ылайык, прокурордук кызматкердин этикасын одоно бузгандыгы, мергенчиликке чыгып, спирт ичимдигин ичкендиги, мергенчиликтин эрежелерин, ок атуучу куралды сактоо тартибин бузгандыгы, Баткен мэриясынын курулуш башкармалыгынын кызматкери Мелис Калыковду мас абалында унаасын башкарууга жол бергендиги үчүн Баткен облусунун прокурорунун 2 орун басары, облустун прокуратура бөлүмүнүн эки башчысы, Баткен районунун прокурору жана анын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов  18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө тиешеси бар делип Мелис Калыков кармалган. Бирок, күнөөлүүнүн жакындары кырсык болгон күнү ууга чыккан аткаминерлердин баары тең жоопко тартылсын деп нааразычылык акциясына чыгышкан болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар