Бишкектин айрым райондорунда бүгүн жана эртең газ берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын коом менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы төмөнкү даректерде берилбейт:
- «Көлмө», «Щербаков», «Салам Алик» жаңы конуштарында;
- Малышев, Күренкеев көчөлөрү менен чектеш аймактарда, Беломорск бурулушунда;
- Токтаналиев көчөсүндө, БЧК, М.Ганди, Саадаев, Ак-Тилек, МЧК, аймактарында.