04:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кызды зордуктоого аракет кылган айдоочу убактылуу кармоочу жайга алынып келинди

Бишкекте таксинин айдоочусу жүргүнчүнү зордуктоого аракет жасаган. Учурда шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга алынып келинди. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 24-ноябрда болгон. Кыз түштүк кичи райондорунун биринен үйүнө келе жаткан. Анын жанынан унаа токтоп, жеткирип коюуну сунуштаган. Жабырлануучу кыз үшүп калгандыктан жана Бишкекти жакшы билбегендиктен унаага отурган. Хиджап кийген кыз жаман ою жок унаага отурганда айдоочу ага кол салып, чечинткенге аракет кылган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар