21:08
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Садыр Жапаровдун иши кайра каралат

Биринчи Май райондук прокуратурасы Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаровдун иши боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарибидин Токтосунов билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин райондук прокуратура ачылган жаңы жагдайлар боюнча териштирүү жүргүзүүдөн негиз жок деген шылтоо менен баш тарткан. Шаардык прокуратура эми чечимди жокко чыгарып, райондук көзөмөл органына материалды териштирүүгө тапшырма берди.

Биринчи декабрга чейин прокурорлор ишти кайра каралышы үчүн сотко жибериши керек.

Иштин кайра каралышына 4 күбөнүн видеокайрылуусу себеп болгон. Тергөө маалында алар мурунку эл өкүлүнө карата каршы пикирин билдиришкен. Азыр күбөлөр мурунку бийлик тараптан кысым болгон деп жалган көрсөтмө бергендерин мойнуна алышууда.

Эске салсак, Биринчи Май райондук соту мурунку депутат Садыр Жапаровду 11 жылга эркинен ажыраткан. Ага Караколдогу башаламандыкты уюштурду деп айып тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар