22:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чүйдө жолдо жүрүү эрежесин бузуу боюнча 4 миң 260 факты катталды

Чүй облусунда бир жума аралыгында жолдо жүрүү эрежесин бузуу боюнча 4 миң 260 факты катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 50 айдоочу унааны мас абалда башкарып бара жатканда кармалган. 5 айдоочу унааларынын терезесин караңгылатып алып айдаган.

Мындан тышкары 60 айдоочу тиешелүү документтери жок унаа башкарып жүргөнү үчүн кармалды. 754 айдоочу ылдамдыкты чегинен ашырганы үчүн айып пул төлөдү.

126 унаа айып аянтчасына токтотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума