04:11
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкектин 6-кичи районунда жылуулук берилген жок

Бишкектин 6-кичи районунда жылуулук берилген жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, гидравликалык режимди жакшыртуу үчүн пландык өчүрүп күйгүзүү иштери уланууда. Учурда жылуулук № 17, 18, 19, 20, 21, 22, 38, 39, 40, 41, 42 үйлөрдө жана № 56 мектеп менен № 44 бала бакчада берилген жок.

Ал эми ысык сууга чектөө киргизилген жок. Жылуулук саат 16:00дө берилет деп убада кылышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар