17:48
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чоң Чүй каналынан белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Чоң Чүй каналынан белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-ноябрь күнү саат 14:05те «102» кызматына Лебединовка айылындагы Чоң Чүй каналынан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Куткаруучулар аталган дарекке барып маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар