02:51
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкек мэриясы жаңы департаменттерди түзүү ниетинде

Шаардык муниципалитет салык инспекциясын калыбына келтирүү, шаар курулушу жана архитектура, экономика жана өнүгүү боюнча департаментин түзүү ниетинде. Шаардын мэри Азиз Суракматов БШКнын кезектеги сессиясында мэриянын түзүмүн тааныштырды.

Айтымында, шаардын бюджетинин киреше бөлүгү 58,2 миллиард сомду түзөт. Бирок, шаарда болгону анын 11 пайызы гана калат. Каражаттын басымдуу бөлүгү социалдык чөйрөгө коротулат. Шаарды өнүктүрүүгө 6,4 пайыз каражат гана калат. Бул 500 миллион сомдон ашуун акча.

Азиз Суракматов шаардык бюджеттин кирешесин көбөйтүү үчүн бир канча чечимди сунуштады.

«Биз өкмөткө жана Салык кызматына шаардык салык кызматын түзүү маселеси боюнча кайрылдык. Учурда муниципалитетте Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктарын көзөмөлдөгөн орган жок. Эгерде биз салыктардын көлөмун көбөйтүүнү кааласак, анда аталган кызматты түзүү керек», -деди шаар башчысы.

«Экономика жана өнүгүү департаментин түзүү- шаардын экономикалык маселелери боюнча кызыкчылыгын алдыга сүрөйт. Аталган департамент шаардын экономикалык саясатын иштеп чыгуу менен алектенет», -деп кошумчалады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар