14:09
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Кыргызстанда ысык тамак берүү долбооруна кирген мектептердин саны арбыды

Кыргызстанда ысык тамак берүү долбооруна кирген мектептердин саны арбыды. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыноо катарында бул жылы 83 мектеп кошулду. Эске салсак, буга чейин 420 мектепте күн сайын сапаттуу түшкү тамак берилип келген. Жалпы кенже класстын 145 миң окуучусу күн сайын тамак иче баштады.

Мектептеги тамактандырууну жакшыртуу боюнча Орусия бөлгөн 10 миллион долларлык каражат колдонулууда. Акчага электр мештерин, көп азыкты куура турган шкафтарды, электр көмөч казандарын, камыр жууруган аппараттарды, муздаткычтарды, суу ысыткычтарды, идиш жуугучтарды, жашылча-жемиштерди туураган техникаларды жана башка керектүү буюмдар алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар