Президенттин Аппаратына 2017-жылдын 24-ноябрынан 2018-жылдын 1-ноябрына чейин жарандардан жазуу (электрондук) жүзүндө 12 563 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов билдирди.
Маалыматка караганда, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 68 пайызга көптүк кылат.
Президенттин Бишкек жана Ош шаарларындагы Коомдук кабылдамаларында 1228 жаран кабыл алынган. Бул өткөн жылдагыга караганда 100 пайызга көп.
«Ишеним телефондору» жана кызматтык телефондор аркылуу жарандардан 1254 кайрылуу кабыл алынган. Коомдук кабылдамаларда 516 жаран маалыматтык-укуктук кеңештерди жана жардам алган.
12563 кайрылуунун ичинен 1145ин Президент өз көзөмөлүнө алды.