17:57
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Президенттин Аппаратына 1 жыл аралыгында 12 563 кайрылуу келип түшкөн

Президенттин Аппаратына 2017-жылдын 24-ноябрынан 2018-жылдын 1-ноябрына чейин жарандардан жазуу (электрондук) жүзүндө 12 563 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов билдирди.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 68 пайызга көптүк кылат.

Президенттин Бишкек жана Ош шаарларындагы Коомдук кабылдамаларында 1228 жаран кабыл алынган. Бул өткөн жылдагыга караганда 100 пайызга көп.

«Ишеним телефондору» жана кызматтык телефондор аркылуу жарандардан 1254 кайрылуу кабыл алынган. Коомдук кабылдамаларда 516 жаран маалыматтык-укуктук кеңештерди жана жардам алган.

12563 кайрылуунун ичинен 1145ин Президент өз көзөмөлүнө алды.

Анын 957же 83,5 пайызы аткарылды. 188 же 16,5 пайызы кайрылуу мөөнөтү боюнча аткарылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар