14:13
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароого беш себеп. Сооронбай Жээнбековго кайрылуу

«Ата-Мекен» партиясы президент Сооронбай Жээнбековдон Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча саясый баа берүүсүн күтөт. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында парламенттин депутаты Алманбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, партия президентке расмий түрдө кайрылуу жолдойт.

«Биз президенттен анын соттордун ишине кийлигишүүсүн суранбайбыз. Болгону саясый баа берип койсун. Азыр Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароого негиз жетиштүү», — дейт ал.

Алманбек Шыкмаматовдун айтымында, Өмүрбек Текебаев президентке ага ырайым кылуу сунушу менен кайрылбайт. Анын ишин кайра карап чыгууга гана макул болот.

Партиянын билдирүүсүндө, Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароого беш негиз бар:

— Леонид Маевскийдин кармалышы анын алдамчылык, шантаж жолу менен акча тапкан адам экенин көрсөтөт. Россиянын мамлекеттик думасынын мурдакы депутаты, ишкер Маевский «Ата-Мекен» партиясынын лидерине каршы көрсөтмө берген киши. Анын айыптоосунун негизинде кылмыш иши козголгон. Леонид Маевский 2018-жылдын 17-ноябрында алдамчалыкка айыпталып, эки айга камакка алынды.

— Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2018-жылдын 19-ноябрында берген маегинде Өмүрбек Текебаевди жемкорлукка айыптоо анын буйругу менен аткарылып, саясый негиз бар экенин мойнуна алды.

— Кылмыш ишинде айтылган 2010-жылдын 13-май күнү «Супара» этноборборундагы жолугушууга Дүйшөнкул Чотонов катышпагандыгына далил бар. Ал бул күнү Ошко учуп кеткенин тактоочу факт бар. Маевский 13-майда Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов менен кафеде олтурганын айткан.

— Жаңы үч кодекстин ишке кириши менен Өмүрбек Текебаев соттолгон берененин мүнөзү өзгөрөт. Демек ал кайра карап чыгууга жатат.

— Леонид Маевский Өмүрбек Текебаевге бердим деген 1 миллион доллар Кыргызстандын аймагына кирген эмес. Бул боюнча далил жок.

Ал эми партиянын өзүндө Леонид Маевский Өмүрбек Текебаевге каршы көрсөтмөсү үчүн 3 миллион доллар акча алгандыгы тууралуу маалымат бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби