22:25
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Леонид Маевскийдин камалышы боюнча комиссия түзүү сунушталды

Жогорку Кеңеште Москвада ишкер Леонид Маевскийдин камалышы боюнча комиссия түзүүнү сунуштап жатышат. Бул тууралуу пленардык отурумда депутат Максат Сабиров айтып чыкты.

Анын билдирүүсүндө, Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү аркылуу алардын кесиптеши Өмүрбек Текебаев жемкорлукка айыпталып камалган. Эми өзү опузалап талап кылгандыгы үчүн камакка алынды.

«Биз бул маселени карап чыгышыбыз керек. Башкы прокурорду чакырып, комиссия түзүүну сунуштайм. Өмүрбек Текебаев -белгилүү саясатчы, ал депутат болгон. Аны Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү менен камашканда баары калп деп айтышкан. Эми Маевский өзү тергөө абагында отурат», -деди Максат Сабиров.

Кесиптештери анын айткандарын колдошту.

 
Эң көп окулган жаңылыктар