16:23
USD 87.02
EUR 95.29
RUB 1.05

Турсунбек Чыңгышев президентке губернаторлук институтту кайрып берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн мурунку жетекчилери президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда мурунку президенттин Апрель телеканалына берген интервьюсуна жооп бериңиз деп суранышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине экс-премьер-министр Турсунбек Чыңгышев билдирди.

Айтымында, баардык катышуучулар мындай жолугушуунун маанилүүлүгүн айтып, президентке ыраазычылык билдиришти.

«Сындар дагы кеңештер дагы айтылды. Жалпылап айтканда конструктивдүү диалог болду», -деди Турсунбек Чыңгышев.

Ал Сооронбай Жээнбековго губернаторлук институтту кайрып берүүнү сунуштады.

«Аймактардын азыркы жетекчилеринин эч кандай ыйгарым укугу жок. Алар облустарды кантип өнүктүрөт?», -деди мурунку премьер-министр.

Ошондой эле, Турсунбек Чыңгышев азыркы парлдаментти «Чөнтөкчү» деп атап, сынга алды.

«Азыркы парламент принципсиз. Алар мурунку президент Алмазбек Атамбаевди канча макташты, бир айдан кийин аны кайра болушунча жамандашты. Мындан улам, мен парламентке бир мандаттуу округ боюнча шайлоону кайрып берүүнү сунуштадым. Парламенттин баары болбосо дагы, жок дегенде депутаттардын жарымы партиядан сырткары болуш керек», -деди ал.

«Сооронбаю Жээнбекову предложено подумать и перед народом дать ответ Алмазбеку Атамбаеву. Он согласился», — отметил Турсунбек Чынгышев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шаршемби