08:03
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Президент: Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды үйрөнүшү керек

Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек. Алар конструктивдүү кызматташа алса, анда өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин экс-спикерлери жана экс-премьер-министрлери менен жолугушуу учурунда айтты.

«Бүгүнкү жолугушуунун башкы максаты — бир аянтчада өлкөнү өнүктүрүүнүн маселелерин талкуулоо», — деп белгиледи Президент.

Келечекте сырткы жана ички саясатка тиешелүү түмөндөгөн чакырыктар күтүлүүдө, булар жөнүндө да пикир алмашсак, деп баса белгиледи ал.

«Сиздер Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш учурларда тагдыр чечкен чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышкансыздар. Саясий майдандын чордонунда жүрдүңүздөр. Бардык жагынан мол тажрыйбаңыздар бар. Бул олуттуу ресурс өлкө үчүн пайдаланылбай калбаш керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы жарандык коомдун, саясий күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруу органдарынын ортосундагы диалогду, кызматташтыкты илгерилетүүгө даярмын. Жеңил пиардан жана пайдасыз чыр-чатактардан алысмын. Сындан да качпайм, деп белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар