11:31
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте бейтаптын мас абалдагы жолдошу тез жардам кызматынын фельдшерин сабады

Бишкекте бейтаптын мас абалдагы жолдошу тез жардам кызматынын фельдшерин сабап салды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине тез жардам борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдирди.

Айтымында, экспертиза көрсөткөндөй сабалган кызматкердин көкүрөк клеткасы жабыркап, колу жаркат алган.

«Чакырык кечээ түнү келип түшкөн. Бейтап температурасы бар экенин айтып, тамагы ооруп жатканын билдирген. Күндүз ал бейтапканадан кеңеш алыптыр. Фельдшер бейтапка кеңешин айтып, үйдөн чыгып баратканда мас абалдагы үй ээси ага кол салган. Шектүү бригада кеч келгенин жана эч кандай жардам бербегенин айтып нааразы болгон. Кызматкер денесинен жаракат алганы аз келгенсип, кийими да тытылган», -деди Искендер Шаяхметов.

Ал билдиргендей, кол салган киши мас абалда, ал эми фельдшер менен айдоочу соо болгон. Бирок, көп өтпөй медиктерди милиция чагымчалдыкка айыптап телефон чалган.

«Милиция кол салган киши соо болгон деп айтып жатат. Бирок анализ тескери жыйынтык чыгарды. Шектүү Адилет Орозбековду үйүнө кое беришти», -деп кошумчалады ал.

ШИИББдан маалымдашкандай, бүгүн милиция фельдшерден жана кол салган жарандан 2 билдирүү келип түшкөнүн айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар