20:03
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Казакстан, өзбекстан, тажикстандыктар Түркияда 90 күнгө чейин визасыз жүрө алат

Түркия Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан жарандарына өлкөдө 90 күнгө чейин визасыз жүрүү мүмкүнчүлүгү бериле турганын билдирди. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, буга чейин бул мөөнөт 30 күндү түзгөн.

​Ушул жылдын ноябрь айына карата Түркияда расмий түрдө 787 миңден ашык чет өлкөлүк катталган. Алардын 383ү кыска мөөнөттүү туристтик виза боюнча иштесе, эмгек визасын колдонгон мигранттарын саны 56 миңге жакын.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Түркиядагы мигранттардын саны боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстан менен Өзбекстан алдыда. Быйыл Түркияда 20 миңден ашык кыргыз жараны каттоодон өткөн. Аладын тогуз миңи гана эмгек визасы менен иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар