07:08
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ошто мэрдин демилгеси менен каралбай калган 2 көп кабаттуу үй оңдоодон өттү

Ош шаарындагы үлгүлүү үй катары оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн Кулатов кичи шаарчасындагы № 6,8-көп кабаттуу үйлөр пайдаланууга берилди. Бул тууралуу каала мэриясы кабарлайт.

Маалыматка караганда, көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын актап сырдоо, алдына асфальт төшөө, жашылдандыруу аянтчасын тосуу, тротуарларына брусчатка басуу, балдар аянтчасын куруу, түнкү жарыктандырууну камсыз кылуу, үйлөрдүн айланасын жашылдандыруу, кабаттуу үйдүн сырткы бөлүгүн подьездердин терезелерине жаңы айнектерди орнотуу, чатырларын оңдоп-түзөө, канализациялык тутумдарын оңдоп-түзөө иштери аткарылды.

"Мындай иштер шаардагы башка көп кабаттуу үйлөрдө, жашоочулардын сунуштары, колдоосу менен уланат. Шаар шаардай болгону жакшы. Бул үйлөрдү үлгү катары оңдодук, жашоочуларга шарт түздүк",-деп билдирди шаар мэри Таалайбек Сарыбашов.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен жалпы 6 миллион 442 миң 310 сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Көп кабаттуу үйдүн жашоочулары иш башталаарда толук бүтүшүнө ишенбей жатышканын, 2 айдын ичинде заманбап, толук шарт түзүлүп калганына ыраазы экендигин билдиришти. Алар калаа башчысына ыраазы экендиктерин, иш бүткүчө кабар алып турганын айтышты.

Эң көп окулган жаңылыктар