02:42
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Ала-Тоо аянты» ишканасынын 24 кызматкери борбордук аянтты ирээтке келтирет

«Ала-Тоо аянты» ишканасынын 24 кызматкери борбордук аянтты ирээтке келтирет. Бул тууралуу ишкананын жумушчусу Шахида Алимова 24.kg агенттигине билдирди. 

Айтымында, алар Орозбеков, Абдымомунов, Эркиндик Бульвары жана Киев көчөлөрүнүн ортосундагы аймакты тазалашат.

«Мында 10 жылдан бери иштеп келем, жайкысын жолдорду тазалайбыз, таштанды чыгарабыз, гүлдөрдү тигебиз. Кыш келгенде кар күрөп, көчө тазалайбыз. Иш күнүбүз таңкы саат 6 жарымда башталып кечки 6га чейин уланат», -дейт жумушчу.

Анын билдиргени боюнча, өздөрү иштеген ишкана суук күндөрү ысык чай жана тамак-аш уюштуруп берет.

«Ишканада 9 аял жана калгандары эркектер эмгектенишет. Иштеген ишибизге жана топтогон тажрыйбага жараша айлык акы алабыз. Майрам күндөрү эмгектенгендиктен ага кошумча акы төлөнөт», -деп кошумчалады Шахида Алимова.

Айтымында, тазалык кызматкерлерине ыраазы болуп рахмат айткан тургундар жана нааразычылыгын билдиргендер болот.

«Жолду шыпырып атканда чаңдатасыңар деп урушкандар бар. Ал тургай жолго таштанды таштап, «силер тазалайсыңар, бул үчүн акча аласыңар да» деп жаман көргөндөр болот», -дейт ал.

 

Эң көп окулган жаңылыктар