02:27
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Региондордогу мектептерде окуучулардын орду бош турат

Бишкектин мектептеринде балдар 3 смен менен окуп, класстар толуп калган. Бирок, ошол эле убакта региондордогу мектептерде окуучулардын орду бош турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Айтымында, борбордогу 101 окуу мекемесинде 113 миң бала билим алат. Алардын 4өө жеке, 97си муниципалдык мектептер.

«Мисалы, № 29 мектепте 537 бала окуй турган болсо, учурда 3 миңден ашуун окуучу билим алат. Норма 7 эсеге көп. Ушундай эле көрүнүш № 13 мектепте да бар», -деди ал.

Учурда Кыргызстанда 173 миң окуучулардын оруну бош турат.

«Республика үчүн ири көйгөй-бул авариялык абалдагы мектептер. Бүгүнкү күндө 193 билим берүү объектиси авариялык абалда. Анын ичинен 14 мектепке оңдоо талап кылынат. 168 мектепти кайра куруш керек», -деди Алтынай Өмүрбекова.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума