12:22
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Прокурордун мурунку жардамчысы жол эрежесин бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды

Чүй облустук соту прокурордун жол кырсыгына күнөөлөнүп жаткан мурунку жардамчысы Данияр Сейталиевдин өкүмүн өзгөрттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Алия Турумбекова айтты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Токмок шаардык соту Данияр Сейталиевди актап чыккан. Экинчи соттук инстанциясы актоо өкүмүн жокко чыгарып, аны жол эрежесин бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп тапты.

Эске салсак, 2017-жылдын жайында Биринчи Май райондук прокурорунун мурунку жардамчысы Данияр Сейталиев жол кырсыгына себепкер болгон. Анда бир аял каза тапкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби