18:13
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кумтөр келишимин кароо мөөнөтү жылды

Кыргыз өкмөтү «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен былтыр кабыл алынган стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароону келерки жылга жылдырды. Аткаруу бийлиги азырынча анын себептерин түшүндүрө элек.

«Центерра» компаниясы тараткан маалымат боюнча сөз болуп жаткан макулдашууну аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын 31-январына жылдырылды.

Буга чейин өкмөт келишимди аткарууну 2-ноябрга чейин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Былтыр кол коюлган жаңы келишимге ылайык «Центерра» Кыргызстанга жылдык экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга көтөрүп, жаратылышты коргоо фондуна 50 миллион, онкологиялык борборго 10 миллион доллар которууга макул болгон. 

Быйыл 14-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте 2017-жылдын 11-сентябрында ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон келишимди жакшыртуу керектигин айткан. Ал стратегиялык келишим азырынча күчүнө кире электигин жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна кайра алып келерин убада кылган.

«Центерра» Кыргызстандагы эң ири Кумтөр алтын кенин иштетет. Андагы Кыргызстандын үлүшү азыр 26,6 пайызды түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар