16:24
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Алдыдагы беш жылдын ичинде 653 айылды суу менен камсыз кылуу маселеси чечилет

Алдыдагы беш жылдын ичинде 653 айылды, 26 райондук борборлорду жана 22 шаарды суу менен камсыз кылуу системасын куруу жана калыбына келтирүү маселелери чечилет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков донорлор уюмунун өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.

«Бардык айылдарды таза суу менен камсыз кылуу маселеси алдыга коюлган. Ошондой эле ирригациялык тармактарды жана башка долбоорлорду куруу биз үчүн абдан маанилүү. Айылдарда жаңы кызмат орундарын куруу үчүн ирригация системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа ишке киргизилет. Анын алкагында 27 миң гектар аянтка жаңы сугат жерлер киргизилет», — деди президент.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Таза суу» долбоорунан башка инфраструктураны санариптештирүү программасы, аймактык башкаруу системасы жана башка маселелер талкууланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар